Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

№47 колониянын ордуна курулган үйлөрдүн биринчи бөлүгү ээлерине тапшырылды


№47 түзөтүү колониясынын ордуна курулган "Мурас" турак жай комплексинин ачылышы.
№47 түзөтүү колониясынын ордуна курулган "Мурас" турак жай комплексинин ачылышы.

Президент Садыр Жапаров 24-декабрда Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания №47 түзөтүү колониясынын ордуна курган – "Мурас" турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы өз сөзүндө аталган комплекс жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналарын белгиледи. Анын алгачкы этабында 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батир Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ээлерине берилди.

Президент жеткиликтүү турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантыларын кошумчалады. Ал социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жарандар үй-жайлуу болушарын, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жеке эле борбор калаада эмес, өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталарын айтты.

Жапаров 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 549 батирден турган турак жайын тургундарга тапшырган.

19-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясына таандык “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна капсула салып жатып, президент учурда өлкө боюнча жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын айткан.

Быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген.

Ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн.

№47 колония – Жаза аткаруу кызматынын борбордук стационардык медициналык мекемеси болгон. Бул абак 1943-жылы курулган. Колония 2022-жылы бузулуп, анын ордуна көп батирлүү социалдык турак жай комплекси курула баштаган. 8,5 гектар аянтты ээлеген аймакка 10 миңдей батирди камтыган кичирайон курулары айтылган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG