Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Сот журналист Гүлжан Шерипбаеваны актады


Гүлжан Шерипбаева
Гүлжан Шерипбаева

Бишкектин Биринчи май райондук соту Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актаган өкүм чыгарды.

Райондук соттун маалымат кызматы билдиргендей, 23-декабрда Биринчи май райондук соту Шерипбаеванын кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде актаган.

Адвокат Жаныш Бараков маалыматты ырастап, сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу Шерипбаевага 200 миң сом айып салууну сунуштаганын, судья аны канааттандырбаганын билдирди.

Гүлжан Шерипбаева 2023-жылы 18-ноябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган.

Журналист өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 16-ноябрда ал иштеген кеңседен алып кеткенин жазган. Атайын кызмат ага козголгон иш тууралуу маалымат берген эмес.

Биринчи май райондук соту ушул эле жылы 20-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Гүлжан Шерипбаева кармалганга чейин социалдык тармактарда жана өзү иштеткен маалымат сайтта бийликти кескин сындап жүрчү. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупцияга шек саналып соттолгон Райымбек Матраимовду колдогон билдирүүлөрдү жазып турган. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG