Президент балдарга, аялдарга жасалган зордук-зомбулукту сынга алды
Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.
Мамлекет башчы мындай көрүнүштөр үй-бүлө институтун бузуп, жарандардын адилеттикке болгон ишенимин жоготорун айтып, алсыз адамдарга күч колдонуу актоого жатпай турганын кошумчалады.
“Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз”, - деди президент.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
17-декабрда эле Бишкекте 33 жаштагы адам жубайын бычактап өлтүрдү деген шек менен кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, ал 33 жаштагы жубайын бычак менен 20дан ашык жолу сайган.
Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрлер катышууда.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Ага ылайык, делегаттардын саны 1070тен 700гө чейин азайтылган. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.
Быйыл март айында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана эмес, аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушу жазылган.
Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.
Жогорку Кеңеш сентябрда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке каккан.
Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн. Үчүнчү Элдик курултай 20-21-декабрь күндөрү болот.
Шерине