Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт


Бишкек. Архив.
Бишкек. Архив.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 20-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 0…2° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG