Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Тоолуу Карабактын мурдагы башчысы өмүр бою абакка кесилиши мүмкүн


Рубен Варданян жубайы Вероника менен. 27-сентябрь, 2023-жыл.
Рубен Варданян жубайы Вероника менен. 27-сентябрь, 2023-жыл.

Тоолуу Карабактын мурдагы өкмөт башчысы (мамлекеттик министри), миллиардер Рубен Варданянга Азербайжандын прокуратурасы Кылмыш кодексинин 20 беренеси боюнча жаңы 45 айып такты. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы ишкердин адвокаттарына таянып жазды.

Эл аралык адвокаттар тобунун билдирүүсүнө караганда, иштин чоо-жайы "Азербайжандын улуттук коопсуздугуна байланыштуу" болгондуктан "коомчулуктан гана эмес, Варданяндын өзүнөн да жашырылган".

Тагылган айыптардын баары боюнча күнөөлүү деп табылса, Варданян Азербайжанда өмүрүн аягына чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Рубен Варданянды 2023-жылдын сентябрь айында Тоолуу Карабактан Арменияга чыгып кетер алдында азербайжандык аскерлер кармашкан. Кийинчерээк ага террорчулукту каржылоо, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү түзүү жана алардын ишмердүүлүгүнө катышуу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү беренелери боюнча айыптар тагылган. Жакындары бул дооматтар саясат менен байланыштырган. Ал өзү тагылган күнөөлөрдүн баарын четке кагууда.

Быйыл апрель айында Варданян өзүн жана башка армяндарды Азербайжандын убактылуу кармоочу жайларынан бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган.

Банкир Ереванда төрөлгөн. 2021-жылы Forbes анын байлыгын бир миллиард долларга баалаган. 2022-жылдын соңунда ал орус жарандыгынан баш тартып, эл аралык коом тааныбаган, өз алдынча эгемендик жарыялап алган Тоолуу Карабак республикасына барып, өкмөттү жетектеп калган.

Шерине

XS
SM
MD
LG