Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Имамидин Ташовду конвойлор сотко замбилге салып көтөрүп келишти


Имамидин Ташов Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда. 17-декабрь, 2024-жыл.
Имамидин Ташов Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда. 17-декабрь, 2024-жыл.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовду 17-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна конвойлор замбилге салып көтөрүп келишти. Райондук сотто саат 14:00дө ишкердин иши боюнча соттук отурум болмок.

Имамидин Ташов ушул эле күнү соттук жараянга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө дагы кол салып, Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна “Тез жардам” менен жеткирилген. Ооруканада көрсөтүлгөндөн кийин кайра тергөө абагына кайтарылган.

“Конвойлор Имамидин Ташовду сотко кеч алып келип калгандыктан отурум 24-декабрга жылдырылды. Өзү менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошондуктан абалы кандай экенин да билген жокмун”, - деди адвокаты Нурсултан Жаныбеков.

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Имамидин Ташов тергөө абагында курсагынын оң жагын кесип жибергенин, камерадагы ажатканадан айнектин сыныктары табылганын кабарлады. Бул окуядан кийин ага Улуттук хирургия борборунда медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, ишкердин абалы канааттандырарлык деп бааланып жатканын кошумчалады.

16-декабрда апасы Саибжамал Абдукаимова, иниси Сүйүнбек Ташов жана Кумарбек Жоробаев ишкерди үй камагына чыгарууну суранып, бийликке кайрылышкан.

Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жараян аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен моюнун бир нече жолу тилип жиберип, эсин жоготкон. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Мунун алдында судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.

30-октябрда да ишкер УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлууда.

Ташов быйыл июнь айында УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын апасы 29-октябрда сот жараянынан кийин билдирген. Ал абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.

Атайын кызмат ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылганын четке каккан. УКМК Ташовдун жана үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин, журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармап, ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 30-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. (BTo/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG