Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:47

Рогун ГЭСинин курулушу: Каражат текке кеттиби?


Вахш дарыясына курулуп жаткан Рогун ГЭСи, 14-ноябрь, 2018-жыл
Вахш дарыясына курулуп жаткан Рогун ГЭСи, 14-ноябрь, 2018-жыл

9-15-декабрда дүйнө басылмаларына чыккан айрым баяндарга сереп.

"Рогун ГЭСи салынып бүткүчө эле эскирип калат"

bne IntelliNews кабар агенттиги 13-декабрдагы макаласында Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушуна кайрылды. Эксперттердин жакында жарыяланган баяндамасына ылайык, дамбанын курулушу өлкөнү экономикалык каатчылыкка батырып, регион үчүн экологиялык апаатка айланышы мүмкүн.

Анткени электр энергияны чыгаруунун жаңы технологиялары пайда болгон сайын көп жыл мурун түзүлгөн долбоор аягына чыгып, станция ишке киргиче эле эскирип калат.

Рогун ГЭСинин курулушу, 2022-жыл
Рогун ГЭСинин курулушу, 2022-жыл

Отчет Казакстанда жайгашкан “Чек арасыз дарыялар” (Rivers Without Boundaries) экологиялык уюм тарабынан Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинин жыйыны алдында даярдалган. 17-декабрдагы жыйында Рогун ГЭСинин долбоорун каржылоо маселеси каралмакчы. Акыркы жылдарда курулушка кеткен чыгымдар өсүп кетти. Азыркы божомолдорго ылайык, 335 метр бийиктиктеги дамбаны тургузуп бутүү үчүн 6,4 млрд доллар зарыл.

Рогун ГЭСин куруу демилгеси 1970-жылдары көтөрүлүп, тажик өкмөтү аны 2016-жылы жандандырган. Ошондон бери курулуш үзүл-кесил жүрүп жатат.

Экологиялык уюм кепке тарткан эксперттер долбоордун алдына коюлган максатка жетишинин сценарийлерин талдап чыгышкан. Станция Тажикстандын ички муктаждыгын жабууну жана экспорттун эсебинен киреше табууну көздөйт. Макалада айтылгандай, адистер Рогунга чаканыраак дамба куруу жана энергиянын толуктанып туруучу булактарын колдонуу 2030-2031-жылга карай өлкө кышкысын туш болгон энергия тартыштыгын жапмак деген жыйынтыкка келишти. Алар ошондой эле мындай вариант айлана-чөйрөгө да азыраак зыян тийгизерин белгилешет.

“Рогун долбоорун ишке ашыруу маалында экологияга жана коомчулукка тийген залакасын баалоодо жетекчилер эски, 10 жыл илгерки маалыматтарга таянышат. Ошондон бери күн жана шамал энергиясын алуу тармагындагы технологиялар өнүктү, Борбор Азияда планетанын глобалдык ысышына байланышкан тобокелдиктер өстү”, - деп айтылат отчетто.

Маалыматка караганда, 335 метрлик дамба курулгандан кийин жылына 3600 мегаватт электр энергияны өндүрүп турат. Бул үч АЭСтин кубатына барабар. Бирок толук кандуу иштеп баштаганда электр энергиянын баасы толукталып туруучу булактардыкынан алда канча кымбат болуп калат.

“Чек арасыз дарыялар” уюму Рогунга кошумча каражат бөлүүнүн алдында анын айлана-чөйрөгө таасирин изилдөөнү жана сууну пайдалануунун регионалдык структурасын иштеп чыгууну сунуш кылды. Себеби экологдордун айтымында, курулуш башталгандан бери Вахш жана Амударыянын нугунун өзгөрүшү аймактагы экосистеманын деградациясына, “жаан-чачын аз болгон убакытта сугат шарттарынын начарлашына” алып келген. Андан тышкары станция абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган ири булакка айланып калышы ажеп эмес.

АКШдагы эки негизги көйгөй

4-декабрда Нью-Йорктогу отелдин алдында United Healthcare деген АКШдагы ири менчик медициналык камсыздандыруу компаниясынын директору Брайан Томпсонду атып кетишкен. Кылмыш өлкөдө чон резонанс жаратып, талкуулар тынчыбай келатат.

Брайан Томпсонго кол салуу болгон жер. Нью-Йорк, 4-декабрь, 2024-жыл
Брайан Томпсонго кол салуу болгон жер. Нью-Йорк, 4-декабрь, 2024-жыл

Le Monde жазгандай, бир четинен медициналык камсыздоонун кемчиликтери, экинчи жагынан ок атуучу курал колдонуу АКШда эки негизги көйгөйгө айланган.

Полиция кылмышкердин артынан сая түшүп, 9-декабрда Пенсильванияда 26 жаштагы Луижи Манжоне кармалган. Ага адамды атайылап өлтүрүү айыбы тагылды.

Макалада айтылгандай, шектүү социалдык теңсиздиктин курмандыгы эмес. Ал бай үй-бүлөдөн чыккан, АКШдагы абройлуу Пенсильвания университетин аяктаган. Бир нече убакыттан бери элге көп аралашпай, бара-бара радикалдашып, аркасына операция жасалгандан кийин медициналык камсыздандыруучуларды өзгөчө жек көрүп калгандай.

Окуя америкалык коомдун бир бөлүгүндө андай компанияларга каршы маанай күчтүү экенин ачыкка чыгарды. Социалдык тармактарда табалаган, жек көргөн, шектүүнүн таламын талашкан комментарийлер жарыяланып жатты. Ири маалымат каражаттарына мындан улам бул теманын алдындагы комментарийлерди жабууга туура келди. United Healthcare компаниясы көңүл айтуу китепчесин да сайтынан алып салды.

Пенсильваниянын губернатору Жош Шапиро “адам өлтүргүчтү баатыр деп атагандарга” тынчсызданып: “Өз пикирин билдирүү үчүн башка бирөөнү өмүрүнөн ажыратууга болбойт”, - деп билдирди.

“Томпсондун киши колдуу болушу менчик камсыздоо компанияларына жана адилеттүү эмес саламаттыкты сактоо системасына кеңири нааразылыкты далилдейт. Ошол эле маалда Обаманын президенттиги учурунда америкалыктардын медициналык тейлөөгө жетүүсү кыйла жакшырган”, - деп белгилегент макалада.

Гезит АКШда калктын 8% гана камсыздалбаганын, улгайган адамдардын 99 % медициналык камсыздоо бар экенин жазат.

Автордун пикиринде, ошол компаниялардын ишмердиги, элдин эсебинен пайда табуу аракети көбүн иренжитет.

Аптап жаштардын өмүрүн көп кыйышы мүмкүн

Science Advances журналы жарыялаган жаңы изилдөөгө ылайык, жүз жылдыктын аягына чейин катуу ысыктан кары-картаңдарга караганда жаштар көбүрөөк көз жумарын боолголойт. Адистер Мексикадагы маалыматтарды талдап чыгып, ушундай жыйынтыкка келишти.

Deutsche Welle (DW) бул темадагы материалында окумуштуулар жылдар бою климат өзгөрүп жаткан шартта көбүрөк каптаган аптап негизинен улгайган адамдарга таасир тийгизет деп ойлогонун, бирок ысык жаштардын “үнсүз өлтүргүчүнө” айланганын жазат.

Изилдөөгө караганда, 1998-2019-жылдар аралыгында Мексикада аптапка байланыштуу каза тапкан төрт кишинин үчөө 35 жашка чейинки кишилер болчу.

Ал эми жашы өйдөлөгөндөр тескерисинче, суукта көбүрөөк кайтыш болот.

Абага зыяндуу заттар көп бөлүнүп чыгып жаткан чакта адистер 2100-жылга карай катуу ысыктан каза тапкан 35 жашка чейинки жаштардын саны 32% өсөрүн болжолдошот. Кары-картандар арасындагы жоготуулар ушунча эле пайызга азаймакчы.

Макалада айтылгандай, мындай көрүнүштү сыягы социалдык себептер менен түшүндүрсө болот.

“Жаштар активдүүрөөк келет, сыртта көп жүрүп, ысыкка көбүрөөк туш болушат”, - деп айтат Стэнфорд университетинин изилдөөчүсү Эндрю Уилсон Deutsche Welle басылмасына.

Сөз болгон изилдөөдө Мексикадагы статистика гана талданганы менен башка аймактарды, өзгөчө кирешеси орточо жана төмөн өлкөлөрдү дагы ушундай эле тагдыр күтүшү мүмкүн. Эксперттер климаттын өзгөрүүсү алып келген чыгымдардын эн ириси – адам өмүрү экенин эскертишет.

Аба ырайы жылыган сайын сууктан каза тапкандар кыскарат, демек Европа жана Түндүк Америкада климатка байланышкан өлүмдөр азырак болот. Изилдөөчү Уилсон муну теңсиздиктин бир сүртүмү деп сыпаттайт.

2017-жылы изилдөөлөр 2100-жылга карай Индия калкынын 70% адам чыдагыс аптапка кабылышы мүмкүн экенин божомолдогон.

Акыркы жылдарда Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө ысыкта иштөөгө тыюу салынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG