Синоптиктер шашылыш билдиргендей, 15-17-декабрь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: 15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
16-17-декабрларда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -20…-25°, бийик тоолуу райондордо -30…-35° чейин суук болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндуз 6…11
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз 0…-5 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүзг 10…12° жылуу болот.
Шерине