2024-жылы дүйнөдө 54 журналист кесибине байланыштуу каза тапкан. Францияда жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму өз отчетунда өзгөчө жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарда журналисттерге кол салуулар көбөйгөнүнө тынчсызданат.
Баяндамага ылайык, 54 журналисттин 31и согуш зоналарындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө набыт болгон. Бул – беш жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.
Газа эң кооптуу жер деп сыпатталган. Быйыл бул тилкеде кесиптик милдетин аткаруу убагында каза тапкан журналисттер жалпы көрсөткүчтүн 30% түздү.
"2023-жылдын октябрынан бери Израилдин армиясынын колунан 145 журналист набыт болду, кеминде 35и кесибине байланыштуу өмүр менен кош айтышты", - деп айтылат отчетто.
RSF журналисттерди коргоо үчүн чукул чара көрүүгө чакырды.
"Журналисттер каза болгон жок, аларды өлтүрүп жатышат, алар түрмөдө отурган жок, аларды режимдер абакка тыгып жатат, алар дайынсыз жоголгон жок, аларды уурдап кетип жатышат... Журналисттер биз үчүн, биздин маалымат алып туруубуз үчүн жашоо менен кош айтып жатышат”, - деп билдирди уюмдун башкы директору Тибо Бруттен.
Баяндамада белгиленгендей, ушу тапта 550 журналист темир тор артында отурат, быйыл кармалган журналисттердин саны 7,2 процентке өстү.
34 өлкөдө 100 чакты журналисттин дайыны табылбай жатат. Алардын чейреги акыркы 10 жылда жоголгон.
Уюмдун былтыркы баяндамасында 45 журналисттин кесибине байланыштуу каза болгону маалымдалган.
RSF быйыл февралда билдиргендей, Орусия Украинага басып киргенден бери жергиликтүү жана чет өлкөлүк 100дөн ашуун журналист жабыркаган.
Кыргызстанда быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.
Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Төрт журналисттин адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берип, ал каралып жатат.
Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган. Ушу тапта төрт журналисттин иши Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.
Шерине