Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Жаңы жылдан тартып марка коюлбаган күйүүчү майды сатууга тыюу салынат


Бишкектеги май бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги май бекеттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин 2024-жыл, 4-июлдагы токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда маркаланбаган бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 12-декабрда билдирди.

Мекеменин эскертүүсүнө ылайык, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишканалар 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын маркалоо тийиш.

2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо жобосу киргизилген.

Салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору - "Учкун" басмаканасы менен чогуу жыл аягына чейин 230 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалоо милдеттендирилген.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, маркалоо системасы киргизилгенден кийин ноябрь айында күйүүчү-майлоочу материалдарга акциз салыгынын төлөмдөрүнүн суммасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59% көбөйүп, 349,5 млн сомду түзгөн.

1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилип, ага байланыштуу ар бир литр күйүүчү майга кеминде 37 тыйын кошулган. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен жаңы жылдан, 1-январдан тарта жолго төлөнүүчү салык (1 сом) да күйүүчү майдын жана газдын баасына кошулат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG