Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:45

Акыйкатчы аялдар, балдар жана аялуу катмардын укуктары көп бузуларын билдирди


Зомбулукка каршы акция. Бишкек. 2023-жыл.
Зомбулукка каршы акция. Бишкек. 2023-жыл.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жана эл аралык өнөктөштөрдү аялдарга жана балдарга карата жасалып жаткан зомбулуктун алдын алууда биргелешип иш алып барууга чакырды. Жаманбаева мындай билдирүүсүн 10-декабрда Аялдарга карата дискриминацияны жоюу жөнүндө конвенциянын 45 жылдыгына арналган жыйында билдирди.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы байланыштыруучу ролду улантып жатканын белгиледи.

Акыйкатчы Кыргызстанда аялдардын жана балдардын, аялуу адамдардын укуктары көп бузуларын, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар алардын укугун коргоого көбүрөөк көңүл буруп жатканын да кошумчалады.

10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда бир катар иш-чаралар болуп өттү. Анын алкагында "Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк" акциясы да уюштурулду.

Өлкөдө адам укуктарын коргоо маселеси байма-бай көтөрүлгөнү менен аялдарга, балдарга, майыптыгы бар адамдарга зомбулук токтобой келет. 2024-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 бала коргоо ордерин алган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматында Кыргызстанда өткөн жылы жашы жете электерге карата 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.

Башкы көзөмөл органы быйылкы жылдын статистикасын жарыялай элек. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG