Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

10-декабрь: Абактагы Султанбеков медтекшерүүдөн баш тартты, Беларуста Лукашенко 29 жаранга ырайым берди


10-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Султанбеков медициналык текшерүүдөн баш тартты

Жаза аткаруу кызматы Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан лидери Темирлан Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирди. Мекеме ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатканын, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады. Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 26 күн болду. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Аларга “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Lawyers for Lawyers уюму кыргыз бийлигин адвокатты бошотууга чакырды

Эл аралык Lawyers for Lawyers жана Front Line Defenders уюмдары, Англия менен Уэльстин юристтер коому Кыргызстанда адвокат Самат Матцаковдун кармалышына тынчсыздануусун билдирди. Биргелешкен билдирүүдө Самат Матцаков саясий өңүтү бар иштерде жактоочулук кылып, сотто журналисттердин укугун коргоп келатканы, ага козголгон иш адвокаттык ишмердиги менен байланыштуу экени айтылат. Алар кыргыз бийлигин Самат Матцаковду токтоосуз бошотууга чакырып, ишенимдүү далилдер келтирилбесе, ага коюлган бардык айыптарды алып салуу керек экенин билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган. Ага “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен айып тагылган. Адвокат коюлган кинени кесиптик ишмердиги менен байланыштырууда.

“Бишкек-ситини” куруу боюнча мамлекеттик дирекция жоюлду

Президент Садыр Жапаров “Бишкек-сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Ушул эле жарлыкта “Бишкек мэриясы “Бишкек-ситини” куруу долбоорун ишке ашырууну камсыз кылсын” деп жазылган. Садыр Жапаров 2023-жылы 10-мартта Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган “Бишкек-сити” көп тармактуу комплекстин курулушуна капсула салган. Комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана, 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай салынары айтылган. Долбоордун баасы 321 млн долларды түзөт. Бул долбоордо теги кытайлык ишкер, журналисттик иликтөөлөрдүн башкы каарманы Хабибулла Абдукадырдын аты аталган.

Мыйзамсыз курулган миңден ашык мечит, медресе аныкталды

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Кыргызстанда 3626 мечит, медресе бар экенин, акыркы үч жылдагы текшерүүдө алардын 1000ден көбү мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталганын билдирди. Алардын көбү санитардык талаптарга, өрт коопсуздугуна жооп бербейт же үлүш жерлерге салынган. “Ошол 1000ден ашык диний жайлардын 880и каттоодон өттү. Ал эми 120 мечитти каттоого такыр мүмкүн эмес”, - деди ал. Министрлер кабинети сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” документти парламенттин үч комитети биринчи окууда колдоду.

Израил Сириядагы аскердик жайларга сокку урду

Адам укуктарына байкоо салган Сирия обсерваториясы (SOHR) деген уюм шейшемби күнкү билдирүүсүндө Израил “Сириядагы маанилүү аскердик жайларды талкалаганы” айтылат. Президент Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин Израил аннексиялаган Голан дөңсөөлөрүндөгү буфердик зонага аскерлерин (ЦАХАЛ) жайгаштырган. Тел-Авив муну “коопсуздук чарасы” катары түшүндүрдү. Маалыматына ылайык, ЦАХАЛ Сириянын аскердик дараметин талкалоо үчүн эки күндүн ичинде ал өлкөнүн аймагына “250дөй авиасокку урду”. Атап айтканда, Сириянын бир нече провинциясында аэропорттор, курал-жарак кампалары, радарлар, авиациялык эскадрилялар бутага алынды. Шейшембиде эртең менен Дамаскта жарылуулардын добушу угулуп жатканын AP агенттиги кабарлады. Израилдин Сириянын ири авиабазаларына сокку урганын "Рейтер" агенттиги жана "Ал-Арабия" телеканалы да маалымдашты.

Беларуста Лукашенко 29 кишиге ырайым берди, жүздөгөн саясий туткундар абакта отурат

Ырайым берилгендердин арасында 11 аял жана 18 эркек киши бар, алтоо 25 жашка чыга элек, үчөө пенсионер, экөөнүн майыптыгы бар, 15и өнөкөт ооруга чалдыккан. Лукашенконун кеңсеси тараткан маалыматта алардын бардыгы кылган ишине өкүнгөнүн айтып, ырайым сурап кайрылганы белгиленген. Бошотулгандардын аты-жөнү аталган жок. Бул тизмеде белгилүү активисттердин бар-жогу азырынча белгисиз. Маалыматтарга караганда, алар өзгөчө катаал шартта отурат, адвокаттар менен кабарлаша албайт. Жарым жылда Беларуста ушуну менен жетинчи жолу ырайым берилди. Айрымдары атайын кызматтын куугунтугуна кабылганын айтышкан. Бардыгы болуп быйыл укук коргоочулар саясий туткун деп сыпаттаган 207 киши азат кылынды. "Весна" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 9-декабрга карай Беларуста саясий жүйө менен эркинен ажыратылган 1283 адам бар. 2020-жылы жайында Беларуста президенттик шайлоонун бурмаланышына каршы ири акциялар тутанган. Укук коргоочулар ошондон бери саясий туткун деп дээрлик 3600 кишини тааныган, алардын катарында 656 аял бар. Көбү жазасын өтөп, эркиндикке чыкты. Демонстрациялар күч менен басылганда, 13 миңдей киши өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Орусия: Мамдумада орусча билбеген балдарды мектепке албоо жөнүндө долбоор биринчи окууда өттү

Документке ылайык, чет элдик жарандар окууга анын үй-бүлөсү Орусияда мыйзамдуу жүрөт деген уруксат кагаздар көрсөтүлгөндө жана тил боюнча тесттен өткөндө гана алынат. Орус тилинин деңгээли билим берүү программасын өздөштүрүүгө жетиштүү болууга тийиш. Сынактын жол-жоболорун аткаруу бийлигинин федералдык органы аныктамакчы. Мамдуманын басма сөз кызматы окуу жылынын башында өткөрүлгөн мониторингге шилтеме кылып маалымдагандай, мигранттардын балдарынын 41% орус тилинен кыйналган. Депутаттар мыйзам долбоорун 11-декабрда карап бүтүүнү көздөшөт. Мыйзам эмки жылдын 1-апрелинде күчүнө кирмекчи.

Шерине

XS
SM
MD
LG