Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Лукашенко 29 кишиге ырайым берди, жүздөгөн саясий туткундар абакта отурат


Саясий туткундарды бошотууга чакырган акция. Иллюстрация
Саясий туткундарды бошотууга чакырган акция. Иллюстрация

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко “экстремисттик багыттагы” кылмышка айыпталган дагы 29 кишинин айыбын кечти. Арасында 11 аял жана 18 эркек киши бар, алтоо 25 жашка чыга элек, үчөө пенсионер, экөөнүн майыптыгы бар, 15и өнөкөт ооруга чалдыккан. Лукашенконун кеңсеси тараткан маалыматта алардын бардыгы кылган ишине өкүнгөнүн айтып, ырайым сурап кайрылганы белгиленген. Бошотулгандардын аты-жөнү аталган жок. Бул тизмеде белгилүү активисттердин бар-жогу азырынча белгисиз. Маалыматтарга караганда, алар өзгөчө катаал шартта, адвокаттар менен кабарлаша албай кармалып келет.

Жарым жылда Беларуста ушуну менен жетинчи жолу ырайым берилди. Айрымдары атайын кызматтын куугунтугуна кабылганын айтышкан. Бардыгы болуп быйыл укук коргоочулар саясий туткун деп сыпаттаган 207 киши азат кылынды.

"Весна" укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 9-декабрга карай Беларуста саясий жүйө менен эркинен ажыратылган 1283 адам бар.

"Эмки жылы январда өтө турган президентик шайлоо алдында саясий туткундардын саны көбөйүп жатат", - дешет укук коргоочулар.

AP агенттиги уюмдун өкүлү Павел Сапелкага шилтеме жасап кабарлагандай, Лукашенко ырайым берип, ошол эле маалда андан эки эсе көп адамды камап, Батышка карама-каршы ишарат жасоодо.

2020-жылы жайында Беларуста президенттик шайлоонун бурмаланышына каршы ири акциялар тутанган. Укук коргоочулар ошондон бери саясий туткун деп дээрлик 3600 кишини тааныган, алардын катарында 656 аял бар. Көбү жазасын өтөп, эркиндикке чыкты.

Демонстрациялар күч менен басылганда, 13 миңдей киши өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Лукашенко январдагы шайлоодо жеңүүчү деп аталары күтүлүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG