Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Путин Башар Асадга саясий башкалка бергени бышыкталды


Песков жана Путин. Астана. 27-ноябрь, 2024-жыл
Песков жана Путин. Астана. 27-ноябрь, 2024-жыл

Кремль Сириянын президенти Башар Асадга саясий башкалканы Владимир Путин өзү бергенин билдирди. 9-декабрда орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков андай чечимдер мамлекет башчы тарабынан гана кабыл алынарын белгилеп, Асаддын азыр кайда экенин кабарчыларга айтпай турганын кошумчалады.

ТАСС кабар агенттиги Сириянын Москвадагы элчилигинин расмий өкүлүнө шилтеме менен 9-декабрда Асад орус баш калаасында жүргөнүн жазган, бирок бул маалымат расмий бышыкталган эмес.

Жекшембинин кечинде орусиялык маалымат каражаттары козголоңчулар борбор шаар Дамаскты жана башка ири калааларды ээлегенде Асад өлкөсүнөн чыгып кеткенин, Орусиядан башкалка алганын жазган. Эми Песков ошол маалыматтарды расмий тастыктады.

Кремлдин өкүлү Путиндин иш жадыбалында Асад менен жолугушуу каралбаганын айтты.

Орус бийлиги аны Сириянын мурдагы президенти деп аташууда. Москва Асад оппозиция менен бийликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашканын билдирген. Бирок ал өзү режими кулаганына байланыштуу комментарий же билдирүү жасай элек.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 9-декабрда Сириядагы абал боюнча чукул жыйын өткөргөнү жатат. Орусиянын демилгеси менен чогулган сессия жабык эшик артында өтмөкчү.

Медиа Сириянын борбору Дамаскта дүйшөмбү күнү аба соккуларынын добушу угулуп жатканын жазышты. Бирок ким аткылаганы белгисиз. Ага чейин Рейтер агенттиги Израил жекшембиде Дамаскка үч сокку урганын маалымдаган.

Жекшембиде Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан. Сирияны элүү жылдан бери Асаддын үй-бүлө мүчөлөрү башкарып келди.

АКШ жана дагы бир нече өлкө террордук деп тааныган "Хайят Тахрир аш-Шам" деген суннилердин ашынган исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде Алеппо баштаган бир катар шаарларды өз карамагына алууга жетишкен.

Топтун башчысы Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирди.

Бирок согушкерлердин “Ал-Кайида” террордук уюму менен байланыштары, адам укуктарын ыктымал бузуусу тынчсыздануу жаратууда.

“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өздөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.

Сириядагы согуш 12 жылга созулду. Асад режимин Орусиядан тышкары Иран жана АКШда террордук деп таанылган "Хезболла" уюму колдойт. Көтөрүлүшчүлөргө Түркия жана АКШ жардам берип келген.

Эл аралык коомчулук Сириядагы күчтөрдү стабилдүүлүккө чакырууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG