Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Президент үч өлкөнүн темир жол курулушу декабрдын аягында башталарын айтты


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Президент Садыр Жапаров 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы акы алына турчу айланма жолдун ачылышында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна ушул айдын аягында капсула салынарын айтты. Курулуш кайсы жерден башталары тууралуу кенен маалымат берген жок.

“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келатат. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев октябрда башталарын айтса, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ноябрдын аягында курулушка старт берилерин кабарлаган.

Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлдү. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG