Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Трамп Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырды


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, Франциянын лидери Эммануэл Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский, 7-декабрь, 2024-жыл.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, Франциянын лидери Эммануэл Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский, 7-декабрь, 2024-жыл.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусия менен Украинаны ок атышууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакырды. Трамп бул тууралуу 7-декабрда Truth Social социалдык тармагына Сириянын президенти Башар Асаддын режиминин кулашын комментарийлеген билдирүүсүндө жазган.

"Асад эми жок. Ал өз өлкөсүнөн качып кетти. Анын коргоочусу, Владимир Путин башында турган Орусия эми аны коргоого кызыкдар эмес", — деп жазган Трамп.

Ал Москванын Сирияга болгон кызыгуусу жоголгонун Украинадагы согуш менен байланыштырды. “Анда 600 миңдей орус жоокери согушта жарадар же набыт болгон” деп айтты.

Трамп ошондой эле Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн Орусия менен келишим түзүүнү каалай турганын белгиледи. Ал Украина 400 миң аскерин жана миңдеген жайкын тургундарын жоготкондугун кошумчалады.

7-декабрда Парижде АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Франциянын лидери Эммануэл Макрон жолугушту.

Зеленский жолугушуудан кийин социалдык медиадагы расмий платформаларына жолугушуу жемиштүү өткөнүн жазды.

"Элибиздин абалы, майдандагы кырдаал, Украинага адилеттик жол менен тынчтык орнотууну сүйлөштүк. Баарыбыз тең бул согуштун болушунча тез аякташын каалайбыз", — жазды.

Трамп ноябрдагы шайлоодо жеңип чыккандан кийин биринчи жолу чет өлкөгө сапарга чыкты. Шайлоо өнөктүгү маалында Украинанын президентин жана АКШнын Киевге берген аскердик жардамын кескин сындап, согушту тез арада токтотуунун планы бардыгын билдирген.

Украина буга чейин орус армиясы өлкө аймагынан толук чыгып кетмейинче кандайдыр бир сүйлөшүү болорун четке каккан. Жакындан бери Зеленский эки тарап тең жаңжалды азыркы абалда токтотуп, ал эми орус күчтөрү ээлеп алган аймактарын Киев дипломатиялык жол менен кайтарып алары тууралуу сөз кыла баштады. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG