Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Жерди мыйзамсыз бөлүүгө байланыштуу 3,7 млрд сомдук зыяндын орду толтурулду


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Жыл башынан бери менчикке жана убактылуу пайдаланууга жер тилкелерин бөлүп берүү, жер мыйзамдарын сакталышы, жерди максаттуу пайдалануу боюнча текшерүүлөр учурунда 1936 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Жалпысынан 87 кылмыш иши козголуп, 75 кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылды. Жети кызматкерге айып пул салынган. 3 млрд 716 млн 415 миң сомдон ашуун зыяндын (68 251 472 сом – акчалай түрдө, 3 648 164 241 сом натуралдык түрдө) орду толтурулган.

Мындан сырткары аткаруу бийлик органдарында жана алардын аймактык түзүмдөрүндө, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелерде жана уюмдарда мамлекеттик менчиктин сакталышын, максаттуу жана натыйжалуу пайдалануусуна текшерүү жүргүзүлүп, 502 мыйзам бузуулар аныкталган. 66 кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылып, алтоо айып пул төлөгөн. Бул багытта 3,5 млрд ашуун сомдун орду толтурулган.

Октябрдын соңунда финансы министри Алмаз Бакетаев Кыргызстанда коррупциядан бюджетке 46 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөнүн бардык аймактарында, Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.

Андан бери Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет.

Коомдо коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG