"Азаттыктын" тажик кызматы соңку аптада Тажикстандан башпаанек сураган 60ка жакын ооган жараны өлкөдөн чыгарылганын жазды. Бул маалыматты редакцияга Хорогдогу талиптер көзөмөлдөгөн ооган консулдугунун атын атагысы келбеген өкүлү 5-декабрда билдирген. Маалыматка караганда, алардын баары "Шерхан-Бандар" өткөрмө бекети аркылуу Ооганстанга кетишкен.
"Алар Вахдат, Рудаки облусу жана Дүйшөмбү шаарында жашаган. Алардын документтеринде маселе болгон эмес. Ошондуктан депортациялоого эмне себеп болгону белгисиз. Ооган жарандарынын көбү Вахдат полициясы кармап кеткен. Алгач 16 адам, андан кийин дагы 40 адам өлкөдөн чыгарылды", - деген консулдук кызматкери "Озоди" радиосуна.
Борбор калаага чектеш Вахдат шаарындагы ооган качкындарынын бири Накибулло Хафизи күйөөсү 4-декабрда Тажикстандан чыгарылганын билдирди. Ал күйөөсүнүн өлкөдөн чыгарылышынын себебин билбейт. Бул үй-бүлө Тажикстанда беш жылдан бери жашап жаткан.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусратулло Махмадзода "Озоди" радиосуна берген маегинде ооган жарандарынын өлкөдөн чыгарылышы тууралуу кабардар эместигин айтты. Ал мыйзамга ылайык, чет элдик жарандар өлкөдө жүрүү эрежелерин бузган учурда депортация болорун кошумчалады.
Тажикстанга бир топ жыл мурун көчүп келген ооган качкындары негизинен Дүйшөмбү шаарына жакын аймактарда жашайт.
Бейрасмий маалыматтарда алардын саны өлкөдө 10 миңге жакын экени айтылат.
БУУнун маалыматына караганда, тажик бийлиги 2022-жылы өлкөдөн кеминде 85 ооган качкынын күч менен чыгарган. Тажик өкмөтү бул тууралуу комментарий бербей келет. (AiA)
Шерине