Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

УКМК пара алууга шектүү чек ара кызматкерлери кармалганын билдирди


Тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пара алуу фактысы менен Чек ара кызматынын аскерлери кармалганын кабарлады.

Атайын кызматын маалыматында айтылгандай, Чек ара кызматынын эки аскери ири өлчөмдө акча алганы үчүн Кыргызстанда кылмышка шектүү чет элдик жарандын из жашырып кетишине көмөктөшүүгө аракет кылышкан.

УКМК чет өлкөлүк шектүүгө Кыргызстанда ири суммадагы акча төлөө милдеттендирилгенин жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди. Ал шектүү Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү менен бирге аскер кызматкерлеринин жардамы аркылуу чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланып жатат. УКМК кайсы өлкөнүн жараны экени жана кылмыш иши жөнүндө маалымат берген жок. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG