KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдун аягында белгисиз нерсе менен мойнун бир нече жолу тилип жиберип, эс-учун жоготту. Конвойлор аны кармап калышты.
Ушул эле отурумда судья аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.
Имамидин Ташовдун камактагы адвокаты Самат Матцаков судьяга арыз жазып, сот процессине катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранган. “Азаттыктын” соттук жараянга катышкан кабарчысынын айтымында, судья анын арызын окуп берген.
Адвокат Нурсултан Жаныбеков да кесиптеши Матцаковду соттук процесске катыштыруу үчүн судьяга өтүнүч келтирип, мамлекеттик айыптоочу буга каршылыгын билдирген. Судья адвокаттын өтүнүчүн канаттандырган жок.
УКМК Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.
Имамидин Ташовдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда УКМК кызматкерлери кармап, камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен иш козголгон.
Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташов кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнда аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого алышканы жазылган.
УКМК ишкердин тергөө абагында кыйноого кабылгандыгы чындыкка дал келбесин билдирген.
30-октябрда да ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган. Кийин кайра №1 тергөө абагына которулган.
1-ноябрда Имамидин Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков ал УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын айткан.(BTo/MKt)
Шерине