Салык кызматынын орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганы кабарланууда. Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып Кыдыргечевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын жазды.
Маалыматка караганда, Салык кызматынын орун басары 5-декабрда кармалган. Мекеменин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы кабарланды.
УКМК жана Салык кызматы бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Мунун алдында Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Атайын кызмат аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогон.
УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген.
Мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин 5-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айткан. “Кармоолор айрым жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн” деген ал. Бишкекте 3-декабрда кармалган салыкчылар коррупциялык схема түзүп алганын кошумчалаган. (КЕ)
Шерине