Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Эсеп палатасынын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүндө системалуу түрдө пара алуу жана берүү фактысы аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, бөлүмдүн К.М.М. аттуу жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, аудитордук текшерүүлөрдүн жылдык, кварталдык пландарын даярдоодо жана түзүүдө, текшерүү объекттери боюнча инспекторлорду бөлүштүрүүдө туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө шектелип жатат.

"К.М.М. белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн мамлекеттик инспекторлордун жакындарын максималдуу аялуу жана финансылык жактан камсыз болгон мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жөнөткөн, алар кийин объекттердин жетекчилерин опузалап, пара берүүгө көндүрүшкөн", - деп маалымдады УКМК.

Фактыга байланыштуу 5-декабрында Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси К.М.М., мамлекеттик инспекторлор М.Ж.Д. жана К.Ж.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эсеп палатасы кармоолор тууралуу маалымат бере элек.

Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылып жатканы кабарланды.

Мунун алдында Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги райондук башкармалыктарынын төрт жетекчисин (А.Р., Дж.У., А.Н. жана Т.А.) кармаган. Атайын кызмат аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогон.

УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG