Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

5-декабрь: Сириянын Хама шаарын козголоңчулар ээледи, биткоин баасы 100 миң доллардан ашты


Сирия. 2024-жылдын 3-декабры.
Сирия. 2024-жылдын 3-декабры.

5-декабрда дүйнөдө жана Кыргызстанда эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сирия армиясы Хама шаарынан чегинди

Сирия армиясы “карапайым тургундардын өмүрүн сактап калуу жана калаада айыгышкан салгылаштарга жол бербөө максатында” аскерлерин Хама калаасынан чыгарып кетерин жарыялады. Шаарга президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулар кирип барды. Аянты боюнча төртүнчү чоң шаар деп эсептелген Хама баш калаа Дамаскини коргоодо мааниси чоң. Ошондой эле бул калаадан кийин Тартуска жана Латакияга оңой кирип барууга жол ачылат. Алардын биринде Орусиянын стратегиялык деңиз-аскер базасы жайгашкан. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам Сирияда он миңдеген карапайым тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Аспеков ачкачылык кармоо тууралуу билдиргени ырасталды

Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) абактагы активист Мелис Аспеков тууралуу маалыматка комментарий берди. Мекемеден "Азаттыкка" билдиришкендей, учурда №3 түзөтүү мекемесинде кармалып турган Аспеков 5-декабрда ачкачылык кармай турганын абак администрациясына кабарлады. “Зарыл болгон түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Социалдык тармактарда жарыяланган камеранын сүрөтү интернет булактарынан алынган жана Аспеков отурган жерге тиешеси жок”, - деп айтылды билдирүүдө. ЖАК Аспеков айып изоляторуна камалып-камалбаганын жана ачкачылык кармап жатабы, жокпу тактаган жок. Бүгүн Аспековдун Фейсбук баракчасында ал айып изоляторуна камалганына 37 күн болгону, ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат камеранын сүрөтү менен коштолуп жарыяланган. Аспеков азыркы бийликти коррупцияга айыптаган бир катар видео чыгарган. Президент Садыр Жапаров активисттин билдирүүлөрүн “жалаа” деп атаган.

Пашинян Армения ЖККУга кайтпай турганын айтты

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян 4-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүндө Ереван Жаматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кайтышы мүмкүн болбой калганын билдирди. Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ 2020-жылы Армения менен Азербайжандын ортосунда талаштуу Тоолуу Карабак жикчил түзүмүнүн айынан болгон согушка кийлигише алмак эместигин, анткени ал Армениянын аймагында болбогонун билдирген. Пашинян Армения Орусия башында турган бул уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууну токтотуп койгонун тактады. ЖККУга Армениядан тышкары Казакстан, Кыргызстан, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Армениянын бар-жогу альянстын жалпы натыйжалуулугуна таасир тийгизбестигин билдирди.

Кара-Сууда алты бажы кызматкери коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош облусунда коррупцияга шектелип алты бажы кызматкери кармалганын 5-декабрда билдирди. Мекеменин маалыматында айтылгандай, 4-декабрда Бажы кызматынын Кара-Суу районундагы “БИМИ Ош сервис” бажылык каттоо кызматында иштегендер мыйзам бузууларды жаап-жашырып, жарандардан дайым пара алып жүргөнү белгилүү болду. Коррупция аныкталган жай мурда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдуку болгону, кийин мамлекетке өткөнү да бүгүн маалымдалды. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев 20-июнда “Азаттыкка” курган маегинде мекемеде иштеген жүздөн ашык киши Матраимов менен байланышы болгону үчүн жумуштан алынганын билдирген.

Биткоин наркы тарыхта биринчи жолу 100 миң доллардан ашты

Binance биржасынын маалыматына караганда, анын баасы 5-декабрдын таңында алгач ирет бул көрсөткүчтөн ашты. Биткоин Дональд Трамп АКШнын президенти болуп кайрадан шайлангандан кийин кымбаттай баштаган. 5-ноябрдан бери баасы 40% жогорулады. Ал эми жыл башынан бери эки эсе өстү. Трамп Кошмо Штаттарды "дүйнөлүк криптоборборго" айлантууну убада кылган. Үч жыл мурда ал биткоинди "алдамчылык" деп атаган. Криптовалюта – интернетте гана жүгүртүлгөн санарип акча. Ал жөн гана шифрленген коддордун жыйындысы же тиешелүү компьютердик программалар аркылуу эсептелип, иштелип чыккан сандардын топтому.

Казакстанда кыз ала качууга аралашкандарды жазалоо сунушталды

Казакстандын парламентинде кыз ала качууга катышы барларды жана күчтөп никеге тургузгандарды кылмыш жообуна тартуу сунушталды. Депутаттар билдиргендей, аял укуктарын коргоо аракеттерине карабай Казакстанда кыз ала качуу уланып жатат, өткөн жылы 13 факт катталган. Ал эми быйыл сегиз ай ичинде бир гана Түркистан облусунда 18 окуя болду. Кыргызстанда кыз ала качуу оор кылмыш. 2019-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам 5-10 жылга эркинен ажыратылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG