Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:37

Депутаттар Чүйдөгү орусча айыл аталыштарын өзгөртүүнү сунуштады


Жайыл районундагы Полтавка айылы, Чүй облусу. 2024.
Жайыл районундагы Полтавка айылы, Чүй облусу. 2024.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин башчысы Кудайберген Базарбаевге кайрылып, 2025-жылы Чүй облусундагы орусча айыл аталыштарын кыргызчалоо боюнча мыйзам долбоорун алып келүүнү сунуштады.

“Чүйдөгү аталыштарды кыргызчалоо боюнча демилгени колго аласыз деп ойлойм. Интернетте аябай талкуу болду. Бирөө Чүйдөгү айылдардын атын жазыптыр. Беловодское, Садовое, Сосновка, Васильевка, Ивановка, Орловка, Озёрное, Октябрьское, Полтавка, Крупское, Романовка, Петровка, Кировское, Комсомольское, Полевое, Советское, Будённовка, Зелёное, Маевка, Мраморное, Лесное, Серафимовка, Степное, Лубяное, Тельман, Ударник, Ленин, Рот-Фронт, Юрьевка, Мичурин, Прогресс, Горная, Рассвет, Восток, Дружба, Гагарин деп кете берет экен. Биз кайда жашайбыз? Ушуну колго албайсыңарбы”, - деди Акаев.

Депутат Бакытбек Чойбеков кесиптешинин сөзүн колдоп, бирок адам аттары эмес айыл аймактарга тарыхый аталыштарын кайтаруу керектигин белгиледи.

Парламент “Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп берди.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеген. Анда Жалал-Абаддагы Параканда – Баракелде, Нарындагы Большевик - Баялы Исакеев, Таластагы Новодонецк – Айтматов, Чүйдөгү Чоң-Арык – Сыйдалы, Ысык-Көлдөгү Теплоключенка - Ак-Суу айылы деп кайра аталсын деген сыяктуу сунуштар киргизилген.

Документтин баяндама катында “мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган” деп жазылган.

Кыргызстанда оторчулук доордон, андан кийин советтик мезгилден калган коммунисттик пропаганда, идеологиялык мааниси бар шаар, айыл аталыштарын өзгөртүү демилгеси узак жылдан бери аягына чыкпай келүүдө. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG