Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Аба ырайы: көпчүлүк аймакта кар жаайт


Ала-Арча. Чүй облусу.
Ала-Арча. Чүй облусу.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-9-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышуусу мүмкүн. Айрым жерлерде туман түшөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндуз 1…6;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндуз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда күндүз -3…-8, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы -3…-5° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG