Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.
Парламенттин 5-декабрдагы жыйынында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүн Өмүрзаков долбоордо өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Анда жалган маалымат тараткан адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган медиаларга айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөн.
Ал эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды кабыл алуу укугу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Ички иштер министрлигине өткөнү маалым болду.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоорун колдобой турганын, ансыз деле инфляция жүрүп, жарандарга кыйынчылык болуп жатканын белгиледи.
“Ар бир нерсенин кайтарымы болот. Бул мыйзамга таянып, 7 миллиондон ашык элибиздин баарын камап салмак белек? Түрмөдө мынча орун жок. Бирок элде негатив көбөйүп жатат. Бир жагынан жакшы нерселерди ушундай кызыктай мыйзамдарыбыз менен чийип салып жатабыз. Ар бир депутаттын өзүнүн укугу бар, бирок мен бул мыйзамга каршымын”, - деди Сурабалдиева.
Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору “жарандарга сөз үчүн салынган салык болорун” айтып, каршы пикирин билдирди. Дагы бир эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков "бул мыйзамдын талаптарын аткаруу милдети ИИМге жүктөлсө, тергөө кызматкерлерине ашыкча жүк болуп калбайбы?" деген суроо узатты.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев бул Укук бузуулар кодексинин негизинде карала турган иш болгону үчүн аны менен участкалык милиция кызматкерлери алек болорун тактады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун экинчи окууда 61 депутат колдосо, алтоо каршы добуш берди.
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрдагы отурумунда 1-окууда кабыл алган.
Буга чейин Кыргызстандагы ондон ашуун маалымат каражаты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, интернет менен ЖМКда жалаа жана мазактоо үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү сунушун берген.
Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп чочулашууда.(TAb)
Шерине