Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Абактагы Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 23 күн болду


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги №1 тергөө абагындагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 23 күн болду. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда Темирлан Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап, дене табы түшүп, алсыз болуп жатканы айтылат.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG