Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

ЖК Сабировду социалдык камсыздоо министри кызматына жактырды


Равшанбек Сабиров - Ravshanbek Sabirov.
Равшанбек Сабиров - Ravshanbek Sabirov.

Жогорку Кеңеш 5-декабрдагы жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берип, токтом кабыл алды.

Мурдагы министр Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу 4-декабрда кызматтан кеткен. Бирок кайсы кызматка которулганы айтылган эмес.

Равшанбек Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. 2012-жылы ал чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы бийликтин алмашуусуна алып келген Октябрь окуяларында Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган “Асман” шаары боюнча иш алып барган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2022-жылы март айында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кызматына келип, ошол эле жылдын сентябрь айында кызматтан кеткен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG