Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Ташиев коррупцияга каршы мыйзам саясий куугунтукка курал болбой турганын билдирди


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам айрым саясатчыларды куугунтуктоо үчүн курал болуп калбайбы деп суроо салды.

“Саясаттагы адам бир жерден каршы сүйлөп койду. Ал киши ушул эле берене менен коррупцияга шектелип калышы мүмкүн. Аны өзүңүз дагы билесиз. Анан ал өмүр бою кызматка баралбай калса кандай болот”, - деди Бекешев.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай чочулоого негиз жок экенин айтып, коррупция менен кармалгандар жазаланарын билдирди.

“Болжол менен он бир берене бар. Аларды далилдөө үчүн биздин кызматкерлер күнү-түнү иштешет. Далилдөө үчүн оор беренелер. Эгерде далилденсе тийиштүү жазасын алышы керек. Бул беренелер боюнча кандайдыр бир саясатчыларды куугунтуктаганга болбойт”, - деди Ташиев.

Жогорку Кеңеште коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет иштеп чыккан мыйзам долбоору каралып жатат.

Мыйзам долбоорунда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. Документте мындан башка бир катар жазалар каралган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен айрым жерлерде паракорчулук күчөгөнүн айтты.

Атайын кызматтын төрагасы 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына брифинг өткөрүп, 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн айткан.

Кыргызстанда буга чейин жемкорлук үчүн кармалып, сот жообуна тартылып бирок айып пул төлөп эркиндикке чыккан окуялар болгон. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG