Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

ЖКда туннелдер үчүн акыны көбөйтүү сунушу күн тартибинен алынды


Төө-Ашуудагы туннел. 2024-жыл.
Төө-Ашуудагы туннел. 2024-жыл.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Бишкек-Ош автоунаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосунан алып салынды.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 3-декабрдагы жыйынында 3-окуудан каралды. Транспорт жана байланыш министрлиги Бишкек-Ош автожолундагы туннелдерден өтүү үчүн акы төлөөдөн бошотулгандардын санын азайтууну жана акынын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштаган. Министрлик муну менен туннелдерди каржылоо жана мамлекеттик бюджетке кошумча каражат түшөрүн белгилөөдө.

Ага ылайык, туннелдер аркылуу күч кызматтарынын атайын автоунаалары: аскердик техникалар, Коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин автоунаалары, өрт өчүрүүчү машиналар акысыз өткөрүлөт.

Комитет отурумунда айрым депутаттар туннелдерден акысыз өткөрүлүүчү автоунаалардын тизмесин көрсөтүүнү талап кылышты. Депутат Бакыт Сыдыков мыйзам долбоорунда кызматтык автоунааларга да туннел аркылуу бекер жүрүүгө уруксат берилип турганын белгиледи.

"Биз буга чейин 1-2-окууда сунуштаган оңдоо киргизген оңдоолорубуз мыйзам долбооруна киргизилбептир. Өкмөттүн токтомунун долбоорун алып келгиле, аны бекитип алып, анан бизге алып келбей. Кызматтык унаалар дегенде кайсы унаалар өтөт? Силер дагы деле кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп коюп, өтө берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатпайсыңарбы?", - деди Сыдыков. Анын сөзүн дагы бир депутат Исхак Масалиев да колдоду.

Жыйынтыгында депутаттар сунушталган мыйзам долбоорун кароону комитет жыйынынын күн тартибинен алып салууну чечишти.

Транспорт жана коммуникация министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн алынчу төлөмдүн баасын жергиликтүү автоунаалар үчүн 50-300 сом, чет өлкөлүк же транзиттик автоунааларга 200-5000 сом деп бекитүүнү сунуштаган.

Азыркы тариф боюнча жергиликтүү автоунаалар 50 сомдон баштап 275 сомго чейин төлөйт. Ал эми эл аралык же транзиттик автоунаалар үчүн төлөм 5-60 АКШ доллары өлчөмүндө каралган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG