Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Сот "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди камакта калтырды


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 15-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 15-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту.

Бишкек шаардык соту 2-декабрда "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасы тууралуу апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрдагы чечими менен "Социал-демократтар" партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

Бишкек шаардык милициясы аларга 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрдагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (MKt/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG