Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Грузия: Өкмөт башчы кайра шайлоо өткөрүлбөй турганын айтты


Ираклий Кобахидзе.
Ираклий Кобахидзе.

Грузин өкмөтү кайра парламенттик шайлоо өткөрбөй турганын, азыркы президент Саломе Зурабишвили президенттик шайлоодон кийин кызматтан кетиши керектигин билдирди. Бул тууралуу “Кавказ добушу” басылмасы жазды.

«Кечээ 12 министр кызматка дайындалып, 26-октябрдагы парламенттик шайлоонун негизинде өкмөттүн жаңы курамын түзүү аяктады. Эске сала кетейин, 14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтөт. Андан кийин бардык конституциялык органдар грузин элинин басымдуу бөлүгүнүн тандоосуна жараша түзүлөт»,- деди Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе маалымат жыйында.

АКШнын Грузия менен стратегиялык өнөктөштүктү токтотуу чечимин ал “убактылуу көрүнүш” деп атады.

Буга чейин АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотконун Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирген. Анын айтымында, Вашингтон менен Евробиримдик бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон чечимине өкүнүүдө.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 30-ноябрда “парламент мыйзамдуу шайланып келгенге чейин” өз ордунда кала турганын билдирген.

“Легитимдүү парламент жок, ал эми мыйзамсыз келген парламент президентти шайлай албайт”, - деди Зурабишвили. Ал президенттин мандаты “мыйзамдуу шайланып келген парламент жаңы адамды тандаганга чейин уланарын” кошумчалады.

28-ноябрдын кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин өлкөдө толкундоолор башталган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG