Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Орусия Киевге сокку уруп, энергетикалык жайларды бутага алды


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украин бийлиги 1-декабрга караган түнү Орусия Киевге жана анын энергетика тармагына дрондор менен сокку урганын билдирди.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү онго жакын учкучсуз учактарды атып түшүргөнү маалымдалды.

Бир жуманын ичинде орус күчтөрү 120 жолу ракеталык жана 500 авиа бомба менен чабуул жасашты. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский кезектеги кечки кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, Орусия тараптан Украинанын аймагына 660 дрон учурулган.

Зеленский жекшембиге караган түнү 30дан ашуун учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Орус аскерлери Украинанын аймактарын дрон, ракеталар менен аткылап келет.

Орусия Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасын бутага алып, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин кыйратканын четке кагып келет.

1-декабрга караган түнү Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Днепропетров облусунда төрт киши каза болду. Херсон шаарында орусиялык учкучсуз учактардын чабуулунан кеминде үч киши каза болуп, сегизи жарадар болду.

Украинанын аба күчтөрү түн ичинде Орусия 78 дрон учурганын жана алардын 32си атып түшүрүлгөнүн билдирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG