Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Адвокат Самат Матцаков 30-декабрга чейин камалды


Самат Матцаков сот залында, 29-ноябрь, 2024-жыл
Самат Матцаков сот залында, 29-ноябрь, 2024-жыл

Бишкектин Биринчи май райондук соту “алдамчылыкка” шектелип кармалган адвокат Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырды. Чечимди райондук соттун судьясы Миран Шерматов кабыл алды. Матцаков соттун чечимин “мыйзамсыз” деп атап, апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.

29-ноябрь түнү башталган сот процесси түнү бою жүрүп, чечим 30-ноябрь эртең менен жарыяланды. Соттун жүрүшүндө Матцаковдун кызыкчылыгын 30дай адвокат коргоп, алардын баары жараянга катышты. Алар бир нече жолу ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Матцаковго тилектештик билдирүү иретинде жалпы 50дөй адвокат сотко чогулду.

Матцаковду Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалат.

Ага Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен иш козголгону сотто маалым болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду жума күнү кармаган. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Ал өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирүүдө.

Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргойт. (AiB)

Шерине

XS
SM
MD
LG