Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Адвокат Матцаковду колдоп сотко ондогон адвокат чогулду


Самат Матцаков сот залында, 29-ноябрь, 2024-жыл
Самат Матцаков сот залында, 29-ноябрь, 2024-жыл

30-ноябрга ооган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 29-ноябрда УКМК кармаган адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы карала баштады. Ишти судья Миран Шерматов карап жатат.

"Баары жакшы болот, күрөшөбүз", - деди Матцаков залда турган журналисттерге.

Матцаковго Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен иш козголгону сотто маалым болду.

Адвокаттар тергөөчүдөн 379-берене менен кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон документти сотто көргөзүүнү талап кылып, судья аны алып келүүгө тергөөчүгө жарым саат убакыт берди.

Матцаковдун адвокаттары ишти караган судьяга ишенбөөчүлүк келтирген, бирок өтүнүч четке кагылды.

Сот имаратына журналисттерден тышкары Матцаковдун кесиптештери, 50гө жакын адвокат келгенин "Азаттыктын" жеринде жүргөн журналисти кабарлады. Алардын 30га жакыны Матцаковдун сотто кызыкчылыгын коргоо үчүн ордер беришти. Адвокаттар козголгон иш менен таанышууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышты.

Алар мунун алдында иште жабырлануучунун арызы жана шектүүнү суракка алуу протоколу жок экенин айтып, ошол документтерди көрсөтүү өтүнүчүн келтиришкен. Судья бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Матцаковду жума күнү кармаган. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, "алдамчылык" беренеси менен иш козголгонун "Азаттыктын" кабарчысына билдирген.

Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргойт. (AiB)

Шерине

XS
SM
MD
LG