Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Социал-демократтар партиясы Султанбековдун маселе боюнча БУУга кайрылды


Темирлан Султанбеков
Темирлан Султанбеков

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков фундаменталдык укуктарын жана укугун калыбына келтирүүгө жетишүү максатында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары комиссариатына кайрылды.

Партия өзүнүн лидеринин укугу Бишкек шаардык кеңешине шайлоо алдында одоно бузулган деп белгилейт. Бул тууралуу Султанбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Социал-демократтар партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын 17-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын бекитүү чечиминин үстүнөн сотко даттанмакчы. Билдирүүдө жазылгандай, БШК партиянын өтүнүчү менен каралып жаткан соттук териштирүүнүн аягына чыгышын - Жогорку соттун чечимин күтпөй туруп, шайлоонун жыйынтыгын чыгарганы - мыйзамсыз экени жазылган.

"Социал-демократтар" партиясы шайлоодон негизсиз, эч кандай далилсиз четтетилишин - саясий басым-кысым деп эсептешет.

Шайлоо алдында, 13-ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын Бишкектеги штабында тинтүү жүргүзүп, партиянын лидери Темирлан Султанбековду жана бир катар мүчөлөрүн кармап кеткен. Милиция аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат. Темирлан Султанбеков 14-ноябрдан бери тергөө абагында ачкачылык кармоодо.


Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG