Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:53

УКМК экс-депутат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырды


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуусу боюнча УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Атайын кызмат жолугушуунун себеби такталып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандан мажбурланып чыгарылган журналист Болот Темиров 19-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Дубайда Эмил Жамгырчиев менен Тилекмат Кудайбергенов жолугушканын, Эмил Жамгырчиев активист Дубайдан чыга албай калышы үчүн анын паспортун уурдап кеткенин жазган.

Ушул эле күнү Тилекмат Кудайбергенов Бириккен Араб Эмираттарында укук коргоо органдарында бир сутка суракта болгонун, кийинчерээк кенен маалымат берерин билдирген.

20-ноябрда бул окуяга байланыштуу Эмил Жамгырчиев Фейсбуктагы баракчасына пост жарыялады. Анда ал атасын дарылатуу үчүн чет жакка чыгып Дубайда Тилекмат Кудайбергенов менен жолукканын, ал каражаттан кыйналып жатканын айтканда кызы үчүн жардам бергенин жазган. Кийин дагы акча талап кылып, бербесе видеолорун чыгара турганын айтканын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевге сот 13-ноябрда чет жакка чыкканга уруксат бергенин кабарлады.

2023-жылы 27-декабрда ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Быйыл 10-январда парламент аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

24-январда Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган. 2-февралда кайра үй камагына чыгарган.

Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин арызынын негизинде аны депутаттык мандатынан ажыраткан.

Акыркы жылдары АКШда жашап жаткан активист Тилекмат Кудайбергенов социалдык тармактарда азыркы бийликти сындап келет. Аны Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Тилекмат Кудайбергенов коюлган айыптарды четке каккан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG