Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:01

Украина жана Орусия ондогон дрон чабуулуна кабылганын билдиришти


Согуштук дронду атып түшүрүү. Киев. Архив сүрөт.
Согуштук дронду атып түшүрүү. Киев. Архив сүрөт.

Украина менен Орусия 20-ноябрга караган түнү жана эртең менен бири-биринин аймагына дрон чабуулу жасалганын билдиришти.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 122 согуштук дрон жана С-300, Х-59/69 ракеталары менен сокку урду. Дрондордун 56сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү. Бутага Киев, Черкасск, Чернигов, Полтава, Кировоград, Житомир, Хмельницкий, Сумы, Николаев, Херсон, Запорожье, Днепропетров, Донецк жана Харьков облустары алынды.

Киев облусунда, аскердик администрация башчысы Руслан Кравченконун айтымында, дрондун сыныгы түшкөн жерде мектеп, бала бакча, дүкөн жана айыл чарба техникасы талкаланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги тогуз облусунда жалпысынан 44 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Аймак башчылары мындан тышкары дагы 11 дрон кармалганы тууралуу айтышты. Сокку Новгород, Курск, Орел, Белгород, Тула, Тверь, Брянск, Москва жана Смоленск облустарынын аймагына урулду. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG