Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, саат 14:00гө карата жергиликтүү шайлоодо 580 452 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 14,04% түзөт.
Кыргызстанда шайлоочулардын шайлоого катышуусу жылдан-жылга азайып келатат. Ошол эле маалда өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын саны көбөйгөн. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.
Европарламенттин депутаты Начо Санчес Амор Х социалдык баракчасында Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча билдирүү таратып, окуяга көз салып жатканын маалымдады.
Ал шайлоо алдында Султанбековдун кармалышы “шек жаратат” деп жазып, анын укуктары бузулганын белгиледи.
Бишкектеги Свердлов райондук сотунун чечими менен 15-ноябрда Темирлан Султанбеков жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина, партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камалган.
Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча кылмыш ишин козгогон.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кылмыш ишинин козголушуна жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
Партия бул чечим менен макул эместигин жана Боршайкомго даттана турганын кабарлаган.
Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоп, уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу болорун айтты. 15-ноябрда президенттик администрация бул окуяда "саясий боёк" жок экенин билдирген. Медетбек Султанбековдун кайрылуусуна бийлик азырынча комментарий бере элек. Ал эми БШК чечимдерди карап чыгууну прокуратурага сунуштады.
"Жоопкерчиликти бийликке жүктөйм”
16-ноябрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, Медетбек Султанбеков видео кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда өзү 30 жыл өлкөгө кызмат кылганын айткан. Ошондой эле уулуна татыктуу тарбия бергенин, соңку кездеги уулуна карата мыйзамсыз иш-аракеттерге унчукпай келгенин айткан.
"Ушул күндөрү Темирланга жасалган мыйзамсыз аракеттерге үн катпай, реакция кылбай келдим. Аны мыйзамсыз 16 саат бою суракка алып, талапкердин конституциялык укугу бузулуп жатканда дагы унчуккан жокмун. Уулумду уурдап кетишкенде дагы үн катпадым. Кечээги сотто ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлеринин аракеттеринен кийин ата катары менин уулумдун коопсуздугуна тынчсыздана баштадым. Бүгүнтөн тартып Темирландын саламаттыгы жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөйм”.
Медетбек Султанбековдун бул кайрылуусуна бийлик азырынча комментарий бере элек.
Темирлан Султанбеков буга чейин тергөө абагында ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Адвокаты Айбек Турдуев "Азаттыкка" билдиргендей, учурда Султанбековдун ден соолугу канааттандырарлык.
Шайлоого катышып жаткан партияны жарыштан четтетип, талапкерин камакка алган окуя коомчулуктун суроосун жаратууда.
Депутаттыкка талапкердин макамы жазылган “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамда расмий катталган талапкер эгерде кылмыш жасап жаткан жеринен кармалбаса, добуш берүүнүн жыйынтыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланганга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартылбашы, кармалбашы, камакка алынбашы же соттук тартипте чара көрүлбөшү керектиги белгиленген.
Анын адвокаты Айбек Турдуев мындай маалыматтар менен бөлүштү:
"Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоодон партияны алып койгон да. Эми алар анын кол тийбестиги алынды деп жатышат. Анткени партия катышкан жок, анын талапкерлиги да жок. Эми БШК чечим чыгарат. Бирок ал дагы акыркы чечим эмес. Андан ары сот болот, бирок ал дагы эки инстанция, акыркы чекитти Жогорку сот коет. Ага чейин шайлоо бүтүп калат, бирок анда кармалышынын мыйзамдуулугунун суроосу коюлат", - деди адвокат.
Темирлан Султанбековду жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина, Роза Түрксеверди милиция 14-ноябрда кармап кетип, Свердлов райондук соту аларды 13-январга чейин камакка алган.
Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен айып тагууда.
Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
Партия мүчөлөрү муну саясий буйрук катары баалаган.
"Саясий боёк берүүнүн кажети жок"
15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын үч мүчөсүнүн бөгөт чарасы сотто каралып жаткан маалда, президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукка видео кайрылуу жасап, мурдагы жана азыркы шайлоолор тууралуу айткан.
Ал президент Садыр Жапаров баштаган бийлик шайлоого катышкан партияларга бирдей шарт түзгөнүн белгилеп, буга чейин добуш сатып алуу фактысынан улам шайлоодон четтетилген талапкерлерди эске салган. Орунбеков Социал-демократтар партиясын шайлоодон четтетүүдө саясат жок экенин кошумчалаган.
"Азыр дагы Социал-демократтар партиясын шайлоодон өткөрбөй коюуга эч ким кызыкдар эмес. Болгону алар акча таратып, добуш сатып алуу фактысы менен четтетилип жатат. Бул окуяга саясий боёк берүүнүн кажети жок. Таза шайлоо өткөрүү - президентибиз Садыр Жапаровдун негизги максаттарынын бири. Бул аракеттер токтобойт, мындан ары да уланат".
Борбордук шайлоо комиссиясы 15-ноябрдагы жыйынында Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтеткен чечим боюнча маалымат укту.
Анда Бишкек шаардык милициясынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө 30дай адам суралган, Социал-демократтар партиясынын 69 үгүтчүсүнүн тизмеси алынып текшерилгенде, алардын 25инин расмий келишими болгону аныкталган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова социалдык медиада тараган видео добуш сатып алууга далил боло албай турганын белгиледи.
“Менин оюмча, бул тасма добуш сатып алуу фактысын далилдей албайт. Ал шайлоочулар менен иш алып барууну уюштурууга байланыштуу болушу мүмкүн. Терең далилдер азырынча коомчулукка белгилүү эмес. Бул аракеттерге партия менен юридикалык келишими бар адамдардын тиешеси барбы-жокпу, бул маанилүү. Анткени жөнөкөй жаран менен партиянын ишенимдүү өкүлүнүн, талапкердин жакын туугандарынын жоопкерчилиги мыйзамда эки башка көрсөтүлгөн”.
БШКнын төрайымы коомчулукта бул ишке байланыштуу толук маалымат жоктугун, мындан улам күмөндүү ойлордун пайда болушуна жол берилбеши керектигин кошумчалады.
Кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн текшерүү үчүн прокуратура органдары да карап чыгышы керектигин сунуштады.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев партиянын жарыштан четтетилиши тууралуу төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү:
"Мына эртен шайлоо дегенде жарыштан алып салган учур менин эсимде жок. Тескерисинче, мейли талапкер экен, көрөбүз шайлоодон кийин деген учурлар болгон. Анан минтип кармап, камаганы менин эсимде жок. Шайлоодон өтүп кетсе өтөт эле, өтпөсө калмак. Жөн коюш керек эле. Мыйзам бузуу болсо, кийин деле соттон карап чечим чыгарып, мындай эреже бузуу болуптур деп кийин четтеткен учурлар болгон да", - деди Молдалиев.
Жергиликтүү кеңештердин дарамети төмөндөгөнү айтылган менен бул жолку шайлоо өнөктүгү масштабдуу болууда жана бир топ саясий окуяларга бай болду.
- Ноябрдын башында Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына "Эркин эл" саясий партиясынан талапкерлигин койгон Болот Дүйшөналиевдин социалдык тармактарга тараган алты видеосу боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад шаардык соту аны 20 күнгө камакка алган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын укугу бузулганын айткандан кийин сот аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен сот залынан бошоткон.
- Президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик бул шайлоолор таза өтөрүн, ага эч ким кийлишпесин убада кылып жатат.
Учурда жергиликтүү кеңештерге эң масштабдуу шайлоо өтүп жатат. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. Мындан сырткары 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, саат 12:00гө карата Кыргызстанда өтүп жаткан жергиликтүү шайлоодо 351 541 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 8,50% түзөт.
Кыргызстанда шайлоочулардын шайлоого катышуусу жылдан-жылга азайып келатат. Ошол эле маалда өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын саны көбөйүп келген. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.
Шерине