Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Израил Бейрутка сокку урду, атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Бейруттагы кыйраган имарат.
Бейруттагы кыйраган имарат.

Ливандын жогорку бийлигинин өкүлү "Хезболла" радикал уюму ок атышууну токтотуу режими күчүнө кирген күнү өз күчтөрүн Ливан менен Израилдин чек арасынан алып кетүүгө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда ливан тарап Израилдин "Хезболлага" каршы аракетине жолтоо болбоо талабын четке кагып жатканын Reuters жазды.

Ирандын колдоосундагы радикал топко каршы чабуулду улантуу менен, Израил бейшембиде Бейруттун "Хезболла" көзөмөлдөгөн түштүк аймактарын абадан бомбалады. Бомбалоо үч күн катары менен бир убакта уланды.

Израил "Хезболлага" Сириядан курал-жарак ташуунун бардык жолдорун жабарын бейшембиде Тель-Авивдин Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди.

"Биз "Хезболла" Израилге каршы колдонуп жаткан ракета жана башка курал-жарактар Сирия аймагынан чыгып жатканын аныктадык. "Хезболлага" Сириядан курал берүүгө кандай гана аракет кылышпасын, ага жол бербейбиз. Биз дагы Сириянын "Хезболла" үчүн курал-жарак чыгарып жаткан аймагын бутага алабыз", - деди контр-адмирал Даниэль Хагари.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Израилди аскердик кылмышка айыптоодо.

Израил азырынча өз комментарийин бере элек, бирок адатта бул өлкө мындай айыптоолорду четке кагып, эл аралык укук нормаларынан чыкпаганын, Израилге коркунуч келтирген, тынчын алган күчтөргө гана каршы күрөшүп жатканын айтып келет.

2023-жылы 7-октябрда Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп табылган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.

Ошондон бери Газада 43 миңден ашуун өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо. АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG