Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Израил Ливандагы жана Газадагы соккуларын улантты, HRW аны согуш кылмышына айыптады


Газа.
Газа.

Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) көзөмөлдөгөн райондорун үч күндөн бери бомбалап жатат. Reuters 14-ноябрда кабарлагандай, бейшембиге караган түнү жана эртең менен да шаардын түштүк чек жакасына авиа сокку урулду, артиллериялык аткылоо болду.

Кеминде беш кишинин өмүрү кыйылганы, үйлөр жана башка имараттар талкаланганы маалымдалды. Ушуну менен Ливанда Израилдин соңку бир жылдан берки чабуулдарынан кеминде 3365 адам каза тапты, 14 344 киши жараат алды.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Ливандын парламент төрагасынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Али Хассан Халил атышууну токтотуу тууралуу АКШнын өкүлдөрү менен ортомчулук сүйлөшүү жүргүзүү тууралуу баштапкы макулдашуу жетишилгенин билдирди.

Ал эми Газа секторунда соңку бир суткада Израилдин соккуларынан дагы үч палестин каза болгонун, мындан тышкары 10 киши жараат алганын Reuters ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөгөн бул анклавдын саламаттык сактоо мекемесине таянып кабарлады.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Израилди аскердик кылмышка айыптоодо. Уюмдун 14-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө Израилдин чабуулдарынан жашынып, улам бир жакка кетүүгө аргасыз болгондордун саны Газада аскердик кылмыш катары баалана тургандай чекке жеткени белгиленди.

"Мажбурлап көчүрүү боюнча бир нече иш-аракет атайын жасалганы тууралуу далилдерди эске алсак, бул согуш кылмышы болуп саналат. Human Rights Watch уюму мажбурлап көчүрүү кеңири жайылганын аныктады жана далилдер бул системалуу жана мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болгонун көрсөтүп турат. Мындай аракет адамзатка каршы кылмыш болуп да эсептелет", - деп айтылды билдирүүдө.

Израил азырынча өз комментарийин бере элек, бирок адатта бул өлкө мындай айыптоолорду четке кагып, эл аралык укук нормаларынан чыкпаганын, Израилге коркунуч келтирген, тынчын алган күчтөргө гана каршы күрөшүп жатканын айтып келет.

2023-жылы 7-октябрда Израил Газа тараптан ХАМАС тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосуна кабылганын билдирген жана аларга каршы согушун баштаган.

Ошондон бери Газада 43 миңден ашуун өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.

АКШ, Египет жана Катардын өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG