Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Адвокат милицияда кармалып турган Султанбековго жолуга албай жатканын айтты


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Адвокат Айбек Турдуев "Социал демократтар" партиясынын төрагасы, талапкер Темирлан Султанбековго дагы эле жолуга албай жатканын “Азаттыкка” билдирди. Турдуев анын кармалышы жөнүндө милиция эч кандай маалымат бербей жатканын айтты.

“Шаардык милицияда экени так. Себеби, атасы экөө келген. Атасы чыгып, Темирлан калган”, - деди.

Бишкек шаардык милициясы Темирлан Султанбековдун кармалышы боюнча маалымат тарата элек.

Бүгүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында “Социал-демократтар" партиясынын маселеси жыйында каралганы жатат. Буга Бишкек шаардык милициясынын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш иши негиз болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирди.

Буга чейин партиядан дагы бир талапкер Кадыр Атамбаев милициянын сурагында Темирлан Султанбековго талапкерлигин алуу боюнча сунуш болгонун журналисттерге билдирген. Атамбаев муну саясий басым деп атаган.

13-ноябрь күнү кечинде Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Бишкек милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Кадыр Атамбаев Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкенин билдирген.

Милиция Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалганын ырастаган.

13-ноябрдын кечинде партинын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун жарыялаган.

Тинтүүдөн мурдараак милиция Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG