NEXTA Live Телеграм-каналы “Тышкы саясатты изилдөө институту” (Foreign Policy Research Institute) аналитикалык борборунун маалыматына таянып, “Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов MBANK аркылуу Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат” деген орус тилиндеги маалымат жарыялады.
“Тышкы саясатты изилдөө институтунун” сайтындагы кенен макалада Кыргызстандын MBANK банкы АКШ жана Ервопа Биримдигинде санкцияга туш болгон орусиялык банктар, каржы мекемелери менен кызматташканы айтылат.
Буга MBANK (“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банк”) 14-ноябрда өзүнүн расмий сайты аркылуу жооп кайтарып, атаандаштардын жалган маалыматы деп сыпаттады. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) арыз жазылганын билдирди.
“Акыркы күндөрү биз MBANK банкынын кадыр-баркына шек келтирип, кардарлар менен өнөктөштөрдүн алдында бизди жаманатты кылууга аракет кылган айрым атаандаштар тарабынан уюштурулган маалыматтык чабуулга туш болуп жатабыз. Алар жалган маалымат таратуу менен коомдук пикирди бурмалап, кардарларды өздөрүнө тартууга аракеттенүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.
Банк Кыргызстандын мыйзамдарын сактап, эл аралык беделдүү финансы институттар менен кызматташып, санкцияларга каршы саясаттын негизинде иш алып барарын кошумчалады. Аталган банк 16-августтан тартып, Орусиянын банктары менен акча которуу кызматташтыгын убактылуу токтотконун билдирген. Кызматташтык токтогон банктардын катарында Орусиянын Сбербанк, Тинькофф жана МТС банктары да бар.
MBANK Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, белгилүү ишкер Өмүрбек Бабановго таандык. Саясатчы банк жөнүндө айтылган сөздөргө комментарий бере элек. (TSh)
Шерине