Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Европа соту Грузиянын "чет элдик агент" мыйзамына каршы арызды кабыл алды


Грузия.
Грузия.

Европанын адам укуктары боюнча соту Грузиянын "чет элдик агент" мыйзамына каршы арызды кабыл алып, каттады. Бул тууралуу 13-ноябрда "Азаттыктын" грузин кызматы кабарлады.

Грузиянын Жаш юристтер ассоциациясынын маалыматына караганда, парламент кабыл алган, бирок президенттин жана оппозициянын, коомчулуктун нааразылыгын жараткан мыйзамга каршы арыз менен европалык сотко 16 жалпыга маалымдоо каражаты, 120 жарандык коом уюму кайрылган.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат.

Мыйзамга каршы миңдеген киши катышкан нааразылык акциялары өткөн. Алар полициянын күч колдонуусунан кийин тараган.

Бийлик мындай мыйзам өлкөнүн саясий жашоосундагы ачыктыкты камсыз кылуу, эгемендикти коргоо үчүн керек экенин билдирип, митингчилерге күч колдонулбаганын айткан.

Президент Саломе Зурабишвили, оппозиция жана жарандык коом Грузиянын келечеги Орусия менен эмес, Европа менен тыгыз байланышта болушу зарыл деп эсептешет. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG