Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Кадыр Атамбаев Султанбековго талапкерлигин алууну сунуштап жатышканын айтты


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

"Социал демократтар" партиясынын талапкери Кадыр Атамбаев милициянын сурагында партиянын төрагасы Темирлан Султанбековго талапкерлигин алуу боюнча сунуш болгонун журналисттерге билдирди.

“Бул жерде саясий буйрук экени айдан ачык болуп турат. Ал өзү “көйгөйлөрдөн качуу үчүн талапкерлигин ал” деген сунуш болгонун айтты. Бул чектен чыккан саясий басым. Бул нерсе бийликке аброй алып келбейт”,-деди Атамбаев.

Кадыр Атамбаев Фейсбукта жүктөгөн видеодо Султанбеков өзү 14-ноябрда түндө милициянын алгачкы сурагынан чыккандан кийин талапкерлигин алуу сунушу болгонун айтып жатканын көрүүгө болот.

Азырынча милиция "Социал демократтар" партиясынын талапкерлери айткан дооматтарга жооп бере элек.

13-ноябрь күнү кечинде Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Бишкек милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген. Андан кийин Кадыр Атамбаев Султанбековду атасы менен кошо кайрадан кармап кетишкенин билдирген. Ал учурда милициядагы Султанбековго жактоочу киргизилбей жатканын айтууда.

Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун кармалышы тууралуу маалымат бере элек. "Азаттыктын" суроосу азырынча жоопсуз.

Бишкек милициясы Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалганы билдирди.

13-ноябрдын кечинде Социал-демократтар партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтөт деди.

“Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ бир чоң партиянын штабынан, талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды”, - деди Ташиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул окуялар боюнча комментарий кийинчерээк берилерин маалымдоодо. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG