Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

"Важные истории": Москвада армияга чакырылгандардын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынууда


Армияга чакырылгандар формаларын кийип көрүп жатышат. Ростов облусу. Батайск шаары.
Армияга чакырылгандар формаларын кийип көрүп жатышат. Ростов облусу. Батайск шаары.

Москвада аскер комиссариаттарына атайын чакыруу менен келүүдөн баш тарткандардын Орусиядан чыгуусуна тыюу салынганы тууралуу билдирүүлөрдү жибере башташты.

Бул тууралуу “Важные истории” басылмасы жазды. Билдирүү телефондоруна кат (СМС) аркылуу келет жана mos.ru.шаардык тейлөө кызматтарынын порталына жайгаштырылат.

Билдирүүдө “башка дагы чектөөлөр” бар экени белгиленген. Кеп кыймылсыз мүлк алып-сатуу, паспорт алуу, насыя алуу, транспорттук каражатты каттоо тууралуу болуп жатканы боолголонууда.

“Аскердик милдет тууралуу” мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр быйыл киргизилген.

Мындай чектөөлөр ноябрдан баштап күчүнө кире турганын буга чейин Москванын аскердик комиссары Максим Локтев эскерткен.

Ал эми The Moscow Times басылмасы жазгандай, мындай билдирүүлөрдөн тышкары Москвада армияга жарамдууларды жапырт текшерүү башталды. Полициячылар жигиттерди жашаган жеринен тышкары көчөдөн, метродон текшерип кармап жатышат.

Сентябрда Орусияда аскерге милдеттүү орусиялыктардын бирдиктүү реестери иштей баштаган. Анда ноябрдан баштап армияга электрондук чакыруулар да жайгашары кабарланган. Жаңы мыйзамга ылайык, мындай чакыруу реестрге жайгашкандан жети күн өткөндөн кийин жарандын колуна тийди деп эсептелет.

Шерине

XS
SM
MD
LG