Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Депутат Айдарбеков Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү сындады


Орто-Токой суу сактагычы. Кыргызстан
Орто-Токой суу сактагычы. Кыргызстан

Жогорку Кеңештин 13-ноябрдагы сессиясында Суу кодекси боюнча жаңы долбоор каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Парламент депутаты Чыңгыз Айдарбеков долбоордогу суу боюнча Борбор Азияда мамлекеттерине тиешелүү беренелерди дыкат карап чыгууну сунуштады.

“Башкы мамлекеттер менен принциптер боюнча “сарамжалдуу, рационалдуу” деген сөздөрдү киргизип коюшубуз керек. Себеби, бул абдан маанилүү. Кыргызстан башка мамлекеттерди 70% суу менен камсыздайт. Ошол жактарда сарамжалдуу мамиле жок. Аябай маанилүү маселе. 97-беренени чечмелөө Кыргызстан үчүн такыр болбойт. “Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылуу” деген сыяктуу сөздөрдөн алыс болушубуз керек. Мен силерге жазуу түрүндө сунуш бердим, эске алгыла. Мындай жоопкерчиликти өзүбүз албашыбыз керек. Коңшулар айтат, “өзүңөр жазып алыпсыңар, камсыздашыңар керек” деп. Мындай нерсенин кереги жок”, - деди.

Суу кодексинин долбоорунун баяндамачысы - Суу чарба кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеевге жыйында айтылган сунуштарды эске алуу тапшырмасы берилди.

Баяндамачы долбоордун максаты жер астындагы жана үстүндөгү суу ресурстарын коргоо, пайдалануу, башкарууну жакшыртууга багытталганын белгиледи.

2023-жылы сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөргөн.

Борбор Азияда энергетикалык ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө болчу заманбап технологияларды киргизүү боюнча регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүүнү сунуштаган.

Борбор Азияда суу ресурстарынын 40% жакыны Кыргызстанда. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG