Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Ташов сотко алып келинбегени үчүн соттук териштирүү болбой калды


Имамидин Ташов.
Имамидин Ташов.

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун 12-ноябрга белгиленген соту ал онлайн түрүндө өтүп жаткан сот жараянына алынып келбегени үчүн болбой калды. Бул тууралуу Ташовдун адвокаты Самат Матцаков "Азаттыкка" билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сот Имамидин Ташовдун Жаза аткаруу кызматына караштуу №31 тергөө абагына которулганы тууралуу маалыматы жок болгон. Ташовго соттук териштирүүгө алып келүү талабы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына жиберилгени сот отурумунда маалым болгон.

"Сот УКМКнын тергөө абагынын Имамидин Ташовду ЖАКтын №31 тергөө абагына которууну өтүнүп жазган катын карашы керек эле. Каттын негиздемесинде УКМКнын тергөө абагында орун калбай калганы тууралуу жазылган", - деди адвокат.

Матцаков маалымдагандай, сот отурум учурунда адвокаттар айыпталуучуну отурумга катыштырып, анын өзүнөн тергөө абагына которулушу боюнча пикирин угууну өтүнүшкөн. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, ишти кароону жылдырды.

Отурум 13-ноябрга, саат 13:00кө белгиленди.

30-октябрда ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына жеткирилгени айтылган (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон).

1-ноябрда Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков ал УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын билдирген.

Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG