Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:10

Орусия абалы начарлаган активистти абактан бошотту


Рустем Мулюков.
Рустем Мулюков.

Орусияда бүгүн 12-ноябрда Пермь аймактык сотунун "тез арада бошотулсун" деген чечими менен башкыр тектүү активист Рустем Мулюков абактан чыгарылды. Буга анын ден соолугу начарлап кеткени негиз болгону кабарланды.

47 жаштагы уфалык активист соңку бир жылдан бери бөйрөк илдетине байланыштуу диализ алууда. Анын медициналык себептен улам абактан бошотуу тууралуу буга чейин келтирген өтүнүчтөрүн сот четке каккан.

Мулюков камакка былтыр ноябрда сот залынан алынган. Аны жана абакта каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын Башкырстандагы командасынын мурдагы башчысы Лилия Чанышеваны сот ошол жылы июнь айында соттогон. Аларга экстремизм тууралуу айып тагылган жана Чанышева 7,5 жылга, Мулюков 2,5 жылга соттолгон. Активистке каршы иш козголушуна анын Навальныйдын штабы Уфа шаарында 2017-жылы өткөргөн антикоррупциялык митингде чыгып сүйлөгөн сөзү негиз болгон.

Укук коргоочулар мындай айыптоону саясий куугунтук деп мүнөздөшкөн.

Чанышева быйыл август айында Орусия жана Батыш ортосундагы айырбаштоо учурунда абактан бошотулган.

Навальный Кремлдин, Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган. "Коррупцияга каршы фонд" түзгөн саясатчы 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Орусиянын алыскы аймактарынын биринде түрмөдө кармалган. Быйыл 16-февралда абакта каза болгон.

Быйыл 1-августта жети өлкөдө (АКШ, Германия, Польша, Норвегия, Словения, Орусия жана Беларус) абакта отурган жалпысынан 26 киши айырбашталган. Алардын 10у, анын ичинен жашы жете элек экөө Орусияга, 13ү Германияга, үчөө АКШга өткөрүлүп берилген. Айырбаштоо жараяны Анкара шаарында өткөн. Орусия чет жакта адам өлтүрүү, тыңчылык үчүн айыпталган жарандарын кайтарып алган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG