Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Баш прокурордун мурдагы орун басары менен кошо алты адам кармалганы белгилүү болду


Ички иштер министрлиги. Бишкек
Ички иштер министрлиги. Бишкек

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу менен кошо дагы алты адам бир нече оор берене боюнча шектелип кармалганы маалым болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, баарына бирдей айып коюлуп, 10-январга чейин камакка алынды.

Соттун маалыматында кармалгандардын аты-жөнү айтылган жок.

Мунун алдында райондук сот Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулун кармаганын, ал келерки жылдын 10-январына чейин камакка алынганын билдирген.

Райондук соттун маалыматында караганда, Адыл уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык баш аламандыктар"), 261-беренесинин ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") 1-бөлүгү, 263-беренесинин ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") 2-бөлүгү, 326-берене ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча айып коюлууда.

Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура, Кубан Адыл уулунун жан аны менен чогуу кармалгандардын адвокаттары, жакындары комментарий бере элек.

Адыл уулу быйыл апрелде президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен баш прокурордун орун басары кызматынан алынган.

Садыр Жапаров 24-апрелде ошол маалдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.

Буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдогону себеп болгон. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы жазылган.

49 жаштагы Кубан Адыл уулу эмгек жолун 2000-2003-жылдары Нарын облусунун прокуратурасынын инспектору, жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган. 2021-жылга чейин прокуратура тармагында ар кандай кызматтарда эмгектенип, 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG